Жаңылыктар
Табиятка аяр мамиле
Аймак
Табиятка аяр мамиле

 Ишкерлик кылууда жаратылышка зыян тийгизбей, эл ичкен таза сууну булгабай, мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү талабы менен Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылынын жаштары чыгууда. Алардын пикиринде Ак-Суу суусуна жакын жерде жеке ишкер эл түшкөн бассейндин суусун эч тазалабай эле аккан сууга кошуп жиберип жатат. Мындай көрүнүш акыркы он айдан бери уланып келүүдө дешет мындагылар. Айыл жаштары бул багытта тийиштүү ведомстволорго кайрылганы менен эч кандай жыйынтык чыкпай келүүдө дешет.