Жаңылыктар
Молдавия менен билим берүү тармагыда тажырыйба алмашуу
Билим
Молдавия менен билим берүү тармагыда тажырыйба алмашуу

Интернат тибиндеги балдар мекемелерин жана социалдык коргоо тутумун реформалоо, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү багытындагы тажрыйбаны изилдөө үчүн Молдова мамлекетине Кыргызстандан атайын делегация жөнөп кетти.  Сапар 12- 18-майга чейин уланып, делегация курамына Жогорку Кеңештин, тиешелүү министрликтердин жана "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун өкүлдөрү кирди. Интернат тибиндеги балдар мекемелери тутумун реформалоо маселесин буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу көтөрүп, тиешелүү тапшырмалар берилген.