Жаңылыктар
Ош облусунда эң көп "Баатыр эне" бар
Аймак
Ош облусунда эң көп "Баатыр эне" бар

Ош шаарынын тургуну Пайзихон Мамасадыкова 84 жашта. Ал жети баланын энеси. 20 неберенин 51 чеберенин сүйүктүү чоң эне, тайэнеси. Жакындарынын бул жолку чогулуусунун себеби өзгөчө. Көп балалуу эне, көптөн күткөн “Баатыр эне” орденин алганы турат.
Пайзихон апа, пенсия жашына чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген. Бул учурда бир үйдөгү алты баланын тамак-ашы, аларга баш-көз болуу жоопкерчилиги үйдөгү балдардын улуусуна жүктөлөөрү турган кеп. Азыр карыя, улуу айга туш келген кубанычына толкунданып жаткан учуру. Көп балалуу эне, бул күндү көптөн күткөнүн айтат. Былтыр Ош шаарындагы 850 көп балалуу эне мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.