Жаңылыктар
«Eurovision-2019»: биринчи жарым финалисттер аныкталды
Дүйнө
«Eurovision-2019»: биринчи жарым финалисттер аныкталды

Израилде эл аралык «Eurovision-2019» ыр таймашынын биринчи жарым финалы 14-майда өтүп, финалга он мамлекет жолдомо алды. Алар: Греция, Беларус, Сербия, Кипр, Эстония, Чехия, Австралия, Исландия, Сан-Марино жана Словения. Ал эми Монтенегро, Финляндия, Польша, Венгрия, Бельгия, Грузия, Португалия өтпөй калды. 

Экинчи жарым финал 16-майда болот. Анда 18 мамлекеттин ырчылары күч сынашат. Финал 18-майда өтөт. Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн бул шоу 1956-жылдан бери жыл сайын уюштурулат жана кайсы мамлекеттин өкүлү жеңсе, ыр жарыш кийинки жылы ошол өлкөдө өтөт. 

Былтыр Португалиядагы сынакта израилдик Нетта уткан. Эрежеге ылайык, шоуну өткөрүп жаткан мамлекеттин жана Европа телерадиоберүү бирикмеси түзгөн беш өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгышат. Израилдин маалымат каражаттары Тел-Авивде коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлашты. 

Калааны бир апта бою 20 миң полиция кызматкери кайтарат. Сынактын бардык иш-чараларына курал менен кирүүгө тыюу салынган. Быйылкы сынак «Тартынбай кыялдан» деген ураан алдында өтүүдө.