Жаңылыктар
Аламүдүндө өспүрүм бала каналга чөгүп каза болду
Кырсык
Аламүдүндө өспүрүм бала каналга чөгүп каза болду

Аламүдүн районунун ГЭС-2 айылында 9 жаштагы бала Чоң Чүй каналына чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык кечээ саат 17:46 чамасында болгон. 

Анда Чоң Чүй каналынын ГЭС-2 айылынын Гоголь көчөсүндөгү тилкесинде 2010-жылы туулган А. уулу А. аттуу бала сууга чөгүп кеткен. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары тартылган. Алар саат 18:30 чамасында баланын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.