NASA уюмунун окумуштуулары айдын бети кургап, акыркы жүз миллион жылда 50 метрдей кыртышы жок болгонун билдиришти. Бул тууралуу "The Independent" басылмасы жазды. Окумуштуулардын ырасташынча, мындай кесепет айдын ички бөлүгү муздап, анын кысылып жатканынан улам болууда. Андан сырткары, планетанын ички бөлүгү кысылганда анын сырткы бөлүгү упураланып, бөлүнүп жатат.
"Биздин талдоо мындай кысылуу дагы да уланып жатканын көрсөттү. Бул өз кезегинде айда жаракалардын пайда болушуна алып келет", — дешти окумуштуулар. Илимпоздор Күн системасындагы планеталардын ичинен Меркурий дагы кургап, анда да ар түрдүү жаракалар пайда болуп жатканын айтышты.