Жаңылыктар
Президент УКМК төрагасын кызматынан бошотту
Саясат
Президент УКМК төрагасын кызматынан бошотту

Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Идрис Кадыркуловдун кызматтан кетишине коомчулукта талкууланып жаткан паспорт чыры себеп болгону айтылды. Кадыркулов "Акыркы кездерде жергиликтүү маалымат каражаттарында өзгөчө бейөкмөт уюмдар тарабынан "УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын биометрикалык паспорттордун бланкын сатып алууга байланышкан териштирүүлөрүн туура эмес карады, - деп айыптап келет. Ошондой эле бул иш боюнча менин кызыкчылыгым бар экени айтылууда", - деп билдирген.