Жаңылыктар
Экс-депутат Музаффар Исаков 7 жылга эркинен ажыратылды
Кылмыш
Экс-депутат Музаффар Исаков 7 жылга эркинен ажыратылды

Жалал-Абад облустук соту экс-депутат Музаффар Исаковду жети жылга эркинен ажыратты. Соттун чечими 14-майда чыкты. Өкүмгө ылайык, Исаков мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө укугунан да үч жылга ажыратылды. Айыпкер сот залынан камакка алынды.Исаков менен кошо айыпталып жаткан Таш-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысына 5 жыл 6 ай жана айыл өкмөттүн жер боюнча эки адисине 5 жана 4 жыл жаза мөөнөтү берилди. 

Эске салсак, 2017-жылы Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ага 2010-2015-жылдар аралыгында Сузак районундагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда райондук архитектура жана мамлекеттик каттоо органдары менен сүйлөшүп, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жер тилкесин жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу мыйзамсыз токтом чыгарган деген айып коюлган. Ошол себептен 2018-жылдын 24-декабрында Исаков мандатын тапшырган.