Жаңылыктар
Өлкөдөн качып кеткен сот кызматкерлери изделүүдө
Кылмыш
Өлкөдөн качып кеткен сот кызматкерлери изделүүдө

Чүй облусунун Москва райондук сотунун мурдагы төрагасы Феликс Марлеске издөө жарыяланды. Ал Кыргызстандан качып кеткенин УКМК тастыктады. Феликс Марлес судьялык кызматтан 2018-жылдын күзүндө четтетилген. Соттор кеңешинин тартип комиссиясы Феликс Марлести кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. 

Качып кеткен экс-фемида кызматкери пара алууга айыпталууда. "Дело №" гезитинин маалыматына караганда ал анын айрым чыгарган чечимдерине байланыштуу текшерүүгө киришкен УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине акча сунуштаган. Феликс Марлес караган иштер жер тилкелери боюнча талаштарга байланыштуу болгон. Москва райондук сотунун мурдагы төрагасы Түркияга качканы белгилүү. 

Буга чейин Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурланбек Ашымбеков өлкөдөн качып кеткен. Ага дагы издөө жарыяланган. Ошондой эле, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Эрник Чоткараев миңден ашык административдик ишти жок кылып, качып кеткен. Ал АКШда жүргөнү айтылууда.