Жаңылыктар
Адам баласы 40 жаштан кийин аз иштөө керектиги илимий түрдө далилденди
Ден соолук
Адам баласы 40 жаштан кийин аз иштөө керектиги илимий түрдө далилденди

Мельбурн университетинин окумуштуулары тарабынан жарыяланган макалада 40 жаштан өткөндөргө жумасына үч күндөн ашык иштебөө керектиги жазылган. Бул тууралуу эл аралык “Си эй Ньюс” сайты жазып чыкты. Австралиялык изилдөөчүлөр өз ыктыяры менен катышкан 7 миң адамды изилдөөгө алган. Алардын 3 миңи аялдар болгон. Окумуштууларды алардын эс тутуму, абстрактуу түрдө ой жүгүртүүсү жана чечим кабыл алуусу өңдүү когнитивдик функциялар кызыктырган. Негизги максат алардын жумуш ордундагы эффективдүүлүгүнө баа берүү болгон. 

Изилдөө 25 саатка созулган жумуш убактысы кыскартылгандан кийин катышуучулардын эффективдүүлүк көрсөткүчү жакшырганын көрсөткөн. Ал эми жумуш убактысы 55 саатка созулганда көрсөткүч чукул түрдө төмөндөгөн. Маалыматтарга ылайык, көрсөткүчтүн төмөндөшүнө чарчап-чаалыгуу, стресс өңдүү факторлор себеп болгон. Долбоордун авторлорунун бири, профессор Колин Маккензи жумуш убактысынын узактыгы интеллектуалдык маашырлануунун деңгээли менен түздөн түз байланышта  болушу шарт экенин айтат. Албетте, жумуш мээнин ишмердүүлүгү үчүн негизги дем берүүчү, бирок ошол эле учурда чарчап-чаалыгуу менен стресстин себепчиси да болот. 

Ошентип окумуштуулар жумуш когнитивдик функцияларга таасир берген негизги фактор деген чечимге келген. Эмпирикалык маалыматтар жумасына 30  сааттан ашык иштеген орто жаштагы эркектерде когнитивдик функциялардын бузулушун көрсөткөн. Профессор Маккензинин айтымында, жумасына 40 саат бою иштеген активдүүлүк эркектердеги когнитивдик функцияларды бузбайт бирок, жумуш жеринде эркектердин жакшы көрсөткүчтөрдү берүүсүнө тоскоол болот. Ошондой эле ал, ар кайсы өлкөнүн көрсөткүчү ар кандай болорун айтат. Бирок, жумасына 30 сааттан ашык иштөө эмне үчүн мээге терс таасирин тийгизери түшүнүксүз бойдон калууда. Маккензи бул боюнча жумуштун позитивдүү тараптарына маани берип, чукул бүтүрүү керек болгон жумуштарга азырак көңүл бөлүүгө аракет кылуу керектигин билдирет-деп жазылат маалыматта.       

Асел Шамилова “Биринчи Радио”