Жаңылыктар
Санкт-Петербургда «Чыгыш музыкасынын легендасы» аттуу түрк дүйнөсүнүн концерти өттү
Маданият
Санкт-Петербургда «Чыгыш музыкасынын легендасы» аттуу түрк дүйнөсүнүн концерти өттү

Санкт-Петербург «Чыгыш музыкасынын легендасы» аттуу түрк дүйнөсүнүн концерти өттү. ТҮРКСОЙ уюмунун маалыматында, программага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын өнөрпоздорунун репертуары кирген. Көрүүчүлөр Калый Молдобасанов, Мукан Тулебаев, Узеир Гаджибеков, Атай Огомбаев, Ахмет Жубанов сыяктуу белгилүү түрк композиторлорунун чыгармаларын угушту.  

Ошондой эле композиторлор дагы катышты, алардын арасында Кыргызстандан Сайан Исин жана Айгерим Мухтардин бар. Соңунда Санкт-Петербургдагы академиялык  филармониянын сценасына ТЮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов чыгып, артисттерге мыкты концерт уюштурушкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.    

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"