Жаңылыктар
Москвадагы мигранттардын балдары үчүн атайын окуу ийримдер уюштурулган
Билим
Москвадагы мигранттардын балдары үчүн атайын окуу ийримдер уюштурулган

Москвадагы мигранттардын балдары үчүн атайын ийримдер уюштурулган. Мындай жакшы саамалыктын демилгечиси мекендешибиз Роза Адышева. Балдарга билим берүү үчүн кыргыз элчилиги атайын бөлмө да берген. Бул балдар үчүн ар ишемби күн майрам. Анткени сабактар дал ушул күндөрү өтүп турат. Аз да болсо бул жерден алган алгачкы билимдери, Москванын мектертеринде окуусун улантууга чоң жардамын тийгизет.

Балдардын биринчи мугалими Роза Адышева болуп калды. Анын айтымында, класска жаңы кирген балдар алгач сүрдөсө, эми биринен бири ашып жооп берүүгө куштар. Бул жерге келген балдардын көбү айылдарда чоңоюп, бала бакчага барган эмес, тил да билбейт. Ар бир ата эне баласынын татыктуу билим алуусун каалайт. Ал үчүн шарт түзүүгө аракет кылат. Балдарды мектепке киргизүү үчүн ата энеден эмне талап кылынат? Кандай документтер керек? 

Дипломатиялык өкүлчүлүк кыргыз тилин үйрөткөн ийрим ачууну пландоодо. Анткени, бүгүнкү күнү орус тилин жаңы үйрөнүп жаткан жеткинчектер, убакыттын өтүшү менен өз эне тилин унутуп калышы мүмкүн. Андай көрүнүштөр жок эмес.

Роза Адышева балдарга билим гана берип, мектепке даярдабастан, коомдо өзүн алып жүрүү эрежелерин үйрөтүп, билимин кандайдыр бир тоскоолдуксуз улантып кетүүгө кошо тарбиялоодо.