Жаңылыктар
ШКУ: коопсуздук багытындагы кызматташуу
Саясат
ШКУ: коопсуздук багытындагы кызматташуу

Дүйнөдө терроризм менен экстремизм кулач жайып жатат. Шанхай кызматташтык уюмунун Коопсуздук Кеңеш катчыларынын жыйынында дал ушул маселе талкууланып, дүйнөлүк антитеррордук фронт түзүү сунушталды.


Дүйнөдө террорчулук, экстремизм жана жикчилдик күчөп жатканы белгиленди. Коопсуздук жаатында буга чейин кабыл алынган келишимдерди аткаруунун жолдору талкууланып, дүйнөлүк антитеррордук фронт түзүү демилгеленди.

Буга чейин уюмдун 2019-2021-жылдарга карата терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыктын программасы кабыл алынган. Тараптар аны ишке ашырууну максат кылууда. Жаштарды коомго коркунуч жарата турган уюмдарга тартууга каршы биргелешкен аракет көрүлөт. Жыйындын катышуучулары Ооганстандагы абалга, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга да токтолуп, өз пикирлерин билдиришти.


Жыйындын жыйынтыгы менен ШКУнун Коопсуздук Кеңеш катчыларынын 14-отурумунун протоколу кабыл алынды. Кийинки жолугушуу Россияда өтөт.