Жаңылыктар
Бишкектеги балдар бакчаларынын биринде улуттук каада-салттар үйрөтүлөт
Маданият
Бишкектеги балдар бакчаларынын биринде улуттук каада-салттар үйрөтүлөт

Бишкек шаарынын Ленин районунадагы №186 балдар бакчасында ата-энелердин кезектеги тегерек столу өзгөчө форматта өттү. Анда улуттук баалулуктарды чагылдырган сахналык көрүнүштөр коюлуп, каада-салт, үрп-адаттар тууралуу маалыматтар берилди. 

Анын алкагында бала бакчада жаңы тургузулган боз үйдүн ачылышы болду. Мындан ары бакчада балдарга билим берүү менен бирге улуттук каада-салттар үйрөтүлөт. Долбоор “Ак жол” балдар бакчасында сынактык негизде ишке ашып жатат. Жакшы жыйынтык берсе, бардык бакчаларда бул ыкма пайдаланылат.

"Балдарга кыргыздын улуттук баалуулуктарын да кошо үйрөтөлү деген максат менен, ата энелердин колдоосунда ушул боз үйдү курдук. Мындан ары жайлоого бара албаган балдар ушул жерде көчмөн кыргыз турмушу, этно маданият, улуттук баалуулуктар тууралуу биле алышат",- деди №186 "Ак жол" балдар бакчасынын башчысы Дилнара Майкулакова.