Жаңылыктар
Мектепке электрондук кезектин экинчи айлампасы башталат
Билим
Мектепке электрондук кезектин экинчи айлампасы башталат

Мектепке баланы электрондук кезекке тургузуунун экинчи айлампасы 16-майда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Жеткинчектерди 1-класска бериш үчүн түзүлгөн онлайн кезектин биринчиси 15-февралда башталып, үч айда 8 миң 465 бала катталган.

Биринчи айлампада кичи участокторго арыздар кабыл алынса, 16-майдан 15-августка чейин кичи участоктордон тышкары мектептерге арыздар алынат. «Мектепке электрондук кезек» долбоору 6-7 жашка толгон балдарды мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мекемелерге окууга киргизүүнү жеңилдетүү максатында ишке ашырылууда. Ата-энелер каалаган учурда компьютерден же смартфондон mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, арыз калтырса болот.