Балыкчы-Корумду жолун калыбына келтирүү жумуштары башталды. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Акуналы Досалиев маалымат жыйында билдирди.
Досалиев билдиргендей, жолдун бул тилкесин реконструкциялоо иштерине 9 миллиард сом керектелет. Учурда Өкмөттөн 3 миллиард 600 млн сом бөлүнгөн. Жолдогу 50 пайыз жумуш аткарылды.