Жаңылыктар
Улуттук китепкана 85 жылдык мааракесин белгилөөдө
Билим
Улуттук китепкана 85 жылдык мааракесин белгилөөдө

Бүгүн Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы  улуттук китепкананын 85 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Анын алкагында «Санариптешкен доордогу китептин орду» конференциясы, китепканачылардын ХI форуму жана башка иш-чаралар уюштурулду. 

Мындан тышкары, ТҮРКСОЙ уюму жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен азербайжан элинин улуу акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулат.  

Китепкана 1934-жылы Кыргыз АССРинин чечими менен ачылып, 1938-жылы республикалык китепкана болуп кайра түзүлгөн. 2014-жылы Алыкул Осмоновдун ысымы берилген.