Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков сүт өндүргөн фермердик чарбанын иши менен таанышты
Экономика
Сооронбай Жээнбеков сүт өндүргөн фермердик чарбанын иши менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы “Капар уулу Улан” фермедик чарбасына барды жана Дүйнөлүк Банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иши менен таанышты. 


Долбоордун жетекчиси Төрөгул Беков менен чарба жетекчиси Уланбек Дыйканов маалымдагандай, Ысык-Көл облусунда “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору 2018-жылдан бери иштеп жатат. Максаты – сүт багытындагы уйлардын азыктуулугун жана сүт чогултуу борборлорунда сүттүн сапатын жогорулатуу. Долбоордун биринчи компоненти боюнча – сүт секторундагы мамлекеттик жана жеке кызматтарды күчөтүүгө бардыгы болуп 1 миллион 140 миң доллар бөлүнгөн. Анын ичинен 550 миң доллар Балыкчы жана Каракол шаарларындагы аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорун колдоого, 200 миң доллар сүт багытындагы уйлардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, уйларды жасалма жол менен уруктандырууну жайылтууга көмөк көрсөтүүгө берилген.

Долбоордун экинчи компонентинин алкагында сүт багытындагы уйлары бар 6 миң фермер мал чарбасын туура алып баруу жана фермердик чарбаны башкаруу боюнча окутуудан өткөрүлөт. Үчүнчү компонент Айланма фонд күрөөсүз жана эркин пайыздуу насыяларды кичи дыйкандарга жана сүт алуучуларга сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында бодо мал, материалдар жана чакан жабдууларды сатып алуу үчүн камсыздайт. Бардык компоненттер боюнча айылдарда фермерлерди окутуу жүрүп жатат.Президент Сооронбай Жээнбеков ушул сыяктуу долбоорлор региондордун жашоочуларын колдоп, аларды ишкерлик менен алектенүүгө шарт түзөт жана мал чарбасындагы жаңы технологияларды үйрөтө турганын, айылдын жана бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң салым кошорун канааттануу менен белгиледи. Ал долбоорду ишке ашырууда жана фермердик чарбаларды өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.