Жаңылыктар
Модельер Вячеслав Зайцев кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди
Маданият
Модельер Вячеслав Зайцев кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Модада шайкештик маанилүү. Адамда жарашыктуу кийим, сулуулук, жан дүйнөнүн байлыгы бири-бирине төп келүүсү керек,- дейт белгилүү кутюрье Вячеслав Зайцев маалымат жыйынында. Ал эми дүйнөлүк мода бул - Вячеслав Зайцев, - деп Пьер Карден айткандыгын Кыргызстандын белгилүү алып баруучусу, Евразия телеакадемиясынын академиги Ассоль Молдокматова эске салды. Ушул 81 жашында да тыным албай эмгектенип, укмуштуудай коллекцияларын бүтүндөй дүйнө жүзүнө тартуулап жатканы эң кубанычтуу дейт. Ал эми Кыргызстанга “Кызыл Диор” мода көрсөтмөсү менен келген Вячеслав Зайцев эки күндөн бери жылуу каалоолорун айтып, жагымдуу белектерди тартуулап жаткан кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.

"Кечээтен бери көп жолугушууларда болуп жатабыз. Аз эле убакыт эс алуудабыз. Эки күндүн ичинде баарына жетишип калууга аракет кылуудамын. Өтө меймандос кыргызстандыктарга, мени бул жерге чакырган Ассоль баштаган топко ыраазычылык билдирем. Каалоочуларды "Кызыл Диор" иш-чарамдан күтөм",- деди Россиялык белгилүү сүрөтчү-модельер Вячеслав Зайцев.