Жаңылыктар
Нарында облустук спартакиада жыйынтыкталды
Спорт
Нарында облустук спартакиада жыйынтыкталды

Нарын шаарында райондордогу эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин облустук спартакиадасы өттү.

Ага Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунан жана Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо районунан келген айымдар жана эркектерден куралган командалар катышты. Алар кичи футбол, волейбол, жеңил атлетика боюнча ат салышты. Жыйынтыгында кичи футбол оюну боюнча Жумгал району 1-орунду, 2-орунду Кочкор району, 3-орунду Тогуз-Торо районунун командалары ээлешти.

Айымдар арасында өткөн волейбол оюнунда 1-орунду Нарын району, 2-орунду Ат-Башы району, 3-орунду Кочкор району камсыз кылышты. Ал эми эркектер арасында өткөн жеңил атлетика боюнча мелдеште ат-башылыктар жана Нарын районунун командасы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Эркектер 100, 200, 500, 1000 метр аралыкка чуркаса, айымдар 100, 200, 500 метрге чуркашты. Жеңүүчүлөргө кубок, медалдар, диплом жана баалуу белектер тапшырылды.