Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков: "Жергиликтүү бийлик инвестиция тартуу боюнча иш жүргүзүшү керек"
Экономика
Сооронбай Жээнбеков: "Жергиликтүү бийлик инвестиция тартуу боюнча иш жүргүзүшү керек"

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Түп районунун жашоочулары менен жолугушту.

Өлкө башчысы мамлекет аймактарды өнүктүрүүдө бардык аракеттерди көрүп жатканын, эми жергиликтүү бийлик инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иш жүргүзүшү керектигин белгиледи. “Инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү – жергиликтүү бийликтин ишмердигин баалоодогу негизги критерий”, - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, аймактарды өнүктүрүүдө чет өлкөлөрдө жашап, иштеген мекендештердин көпчүлүгү өзүнүн кичи мекенине инвестиция кылууга даяр. Алар менен биргеликте жергиликтүү бийлик иш жүргүзүшү керек”, - деди президент. 

Ошондой эле, мамлекет башчы, өлкөнүн башкы багыттарынын бири – атамекендик экологиялык жактан таза агропродукцияны экспортко чыгаруу экенин белгилеп, дүйнөлүк рынокто өзүбүздүн экологиялык таза азыктарыбыз менен атаандаштыкка туруштук бере алабыз”, - деди. 

Мындан сырткары, Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасын, укук коргоо органдарын реформалоонун негизги багыттарын, коррупция менен системалык күрөш, тышкы саясат багытындагы жүргүзүлүп жаткан жана алдыда боло турган иштер, санариптештирүү жылында аткарылган жана аткарыла турчу долбоорлор жөнүндө айтып берди.

Ал жергиликтүү бийликти коррупция менен күрөшүүдө жөн гана байкоочу болуп турбастан, мамлекетке жана Президентке бул күрөштө жардам берүүгө, антикоррупциялык иштерди күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле, бул күрөштүн негизги компонеттеринин бири адамдын мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө чиновник менен болгон түз байланышын санариптештирүү жолу аркылуу жоюу экенин атады.