Жаңылыктар
ШКУ: Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму өтөт
Саясат
ШКУ: Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму өтөт

22-майда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы менен Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму өтөт. Анда бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө. 

Жыйынга чейин 20-майда Казакстандын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов расмий визит менен келет. Жолугушууда эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин ортосундагы 2019-2020-жылдарга карата кызматташуу программасы кабыл алынат. 

Ал эми Кытайдын башкы дипломаты Ван И 21-майда Бишкекке расмий иш сапары менен келип, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитине даярдыктар талкууланат. 

17-майда Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координаторлорунун отуруму болот. Бул иш-чаралар 14-15-июнь күндөрү өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине даярдыктын алкагында уюштурулууда.