Жаңылыктар
Бишкек-Нарын-Торугарт: бүтө элек жатып талкаланган жол
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Нарын-Торугарт: бүтө элек жатып талкаланган жол

«Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунун курулушу аяктабай жатып, айрым участкалары кайра эле бузулуп, оңдоп-түзөөгө муктаж. Жол курууу боюнча адистер мындай абалдын жаралышына оор жүк ташыган автоунаа ээлеринин эл аралык талаптарды сактабагандыгы себеп болуп жатканын айтышат.

Демек андагы жумуштар кыйла сапаттуу жана ишенимдүү болуусу шарт. Тилекке каршы өткөн жылы толук жаңыланган жолдун өмүрү узак болбой, кайрадан минтип таз кейпин кийүүдө. 

Жол куруучулар эл аралык маанидеги трассанын жыл айланбай аң-чөнөктөргө айланышына оор жүк ташыган айдоочулардын эл аралык стандартты сактабаганы себеп болууда дешет.