Жаңылыктар
Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат

19-майда Бишкектин айрым аймактарында саат 9:00 дөн 20:00 чейин таза суу берилбейт. Мэриянын маалыматында, бул учурда ремонт иштери жүргүзүлөт. 

Буга байланыштуу Октябрь районундагы Чолпон-Ата, Ауэзов, Исакеев, Лев Толстой жана  Виноградный көчөлөрүнүн чектешкен жеринде, Свердлов районунун Садовый, Чүй, Чолпон-Ата көчөлөрүндө, «Учкун» кичи районунда суу токтотулат. Мэрия бул аймактын тургундарын эртелеп суу камдап алууга чакырат.   

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"