Президент Түп районунун эли менен жолугушуусунан кийин дубандагы социалдык мекемелердин курулуш иштери менен таанышып, Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы жеке дыйкан чарбага барды.
Ысык-Көл районунун Чон-Өрүктү айылындагы чакан дыйкан чарбада 40тан ашык асыл тукум уйлар кармалат. Бардыгы сүт багытында. Чарба жетекчиси Улан Капар уулунун айтымында, азыр өндүрүлгөн сүт чийки зат боюнча эле сатылууда.
Дыйкан чарбанын иши менен президент Сооронбай Жээнбеков таанышып, сүт багытын өнүктүрүү колдоого ала турган иш экенин айтып, чарба ээсинин мындан аркы ишине ийгилик каалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков ушул сыяктуу долбоорлор региондордун жашоочуларын колдоп, аларды ишкерлик менен алектенүүгө шарт түзөт жана мал чарбасындагы жаңы технологияларды үйрөтө турганын, айылдын жана бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң салым кошорун канааттануу менен белгиледи.
Спорт комплекс жалпы 29 млн сомго курулмак. Ушул кезге чейин анын 11 млн сому болунуп берилип, учурда курулушту толук сонуна ыгаруу үчүн дагы 18 млн сом керектелет. Президент зарыл болгон каражатты таап, спорт комплекстин курулушун соңуна чыгарууну тапшырды.
Андан соң өлкө башчысы Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна барып, анын иши менен таанышты. Борбордо жаны имарат 2017-жылы курулуп бүтүп, ишке берилген. Борбор боюнча саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат берип, санитардык эпидемиологиялык борбор толук кандуу иштеп жатканын билдирди.
Президенттин Ысык-Көл дубанына иш-сапары эртен да уланат, өлкө башчысы Балыкчы шаарына барып, бир катар социалдык мекемелердин иши менен таанышат жана жергиликтуу эл менен жолугушууларды өткөрмөкчү.