Ушул күндөрү дүйнөнүн булуң-бурчунан келген жүрөк-кан тамыр хирургдары Кыргызстандагы кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүүдө. Дарыгерлер өзүлөрү колдонгон ыкмаларды операция учурунда көрсөтүштү. Жасалып жаткан иштер академик Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгына жана органдарды алмаштыруу боюнча илимий изилдөө институтунун 15 жылдыгына арналат. Эске салсак Орто Азия чөлкөмүндө алгачкы жолу жүрөккө операция жасалганына 60 жыл болду. Саамалык да ушул датага багытталган.
Бул сапар жүрөк дартына чалдыккан кыргызстандыктар чет элдик хирургдардын кабыл алуусуна туш келди. Алар бейтаптарга ала келген жабдуулардын жардамы менен операция жасашты.
Кыргызстан жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Өлкөдө жылына миңдеген адамдын жүрөгүнө операция жасалат. Мисалы, жүрөктүн капкагын алмаштырууда адамдын көкүрөгү ачылат. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө 4 сантиметр кесип же видео камера сойлотуу аркылуу хирургиялык кийлигишүү кеңири жайылган. Ушул жана башка түрлөрүн чет элдик дарыгерлер операция учурунда көрсөтүп берди.
Жүрөк-кан тамыр ооруларын операция кылууга жалпы 30дан ашуун чет өлкөлүк адис катышып, ийгилик сырларын бөлүштү.
Эл аралык илимий-практикалык конференция 19-майга чейин уланат. Анын алкагында секциялык отурум, илимий баяндамалар жасалып, медициналык жабдуулардын көргөзмөсү уюштурулат.