Жаңылыктар
Президент экс-президенттин кепилдиктери жөнүндө мыйзамга кол койду
Саясат
Президент экс-президенттин кепилдиктери жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган. Аталган Мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган. Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамдын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченем Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө экс-президентти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деген чечим чыгарган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.