Жаңылыктар
Бүгүн «КТ Мобайл» компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн «КТ Мобайл» компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму болот

Бүгүн  саат 11:00дө Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму болот.  Бул тууралуу Жогорку Кеңешин маалымат кызматы билдирди. 

 Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында депутаттар мамлекеттик «Кыргыз телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн. Буга байланыштуу КСДП жана «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал бир ай ичинде иликтөөнүн  жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.