Жаңылыктар
Ысык-Көлдүн дзюдо боюнча курама командасы спартакиадада ийгилик жаратты
Спорт
Ысык-Көлдүн дзюдо боюнча курама командасы спартакиадада ийгилик жаратты

Ысык-Көл облусунун дзюдо боюнча курама командасы Жалал-Абад облусунда өтүп жаткан республикалык спартакиадада 1-орунду ээледи. Эске салсак, 15-майда Жалал-Абад облусунда өспүрүмдөр арасында «Келечек» республикалык спартакиадасы башталган. Дзюдо боюнча мелдешке республиканын аймактарынан спортчулар катышты.