Жаңылыктар
Бүгүн «Музейлер түнү-2019» акциясы старт алат
Маданият
Бүгүн «Музейлер түнү-2019» акциясы старт  алат

Иш-чаранын  ачылышы  Эмен паркында  болот. Ош  шаарында болсо  саат 18:00дө Сулайман тоодогу Курманджан Датканын эстелигинин жанында өтөт. «Музейлер түнү» республиканын  жети  дубанында  уюштурулат. 

Эске салсак, 2018-жылы 6 сааттын ичинде эле иш-чарага 35 000 адам катышкан. Бул ирет демилгечилер келген адамдар 40 миң адамдан ашарын болжолдошууда.