Жаңылыктар
Же акчадан, же үйдөн жок калгандар
Кыргызстан жаңылыктары
Же акчадан, же үйдөн жок калгандар

КТРКга Бишкек шаарындагы Көк Жар кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү күтө берип тажаган тургундар кайрылышкан. Жаңы батир алыш үчүн алар эски үйүн сатып, жыйынтыгында эч нерсеге ээ болбой калышкан. 

Алар 2013-жылдан бери бүтүп өз үйүбүзгө киребиз деген үмүтү акталбай, ал аз келгенсип акчасын кайра артка ала албай жатканын айтышууда. Жер титирөөгө туруктуу көп кабаттуу үй курабыз деген курулуш компаниясы, турак жайдын баасын да арзан көрсөткөн. 

Алсак 2011-жылы бир чарчы метрин 550 доллардан деп баалап, дароо 100% төлөй калгандарга наркты мындан да түшүрүп берээрин убада кылган. Натыйжада ондогон адамдар жаңырган жаңы үйгө ээ болуш үчүн колдон келген каражаттарын ОППС аталышындагы компанияга карматып койушат.