Жаңылыктар
Оң рулдуу унааларга карата Мыйзамга өзгөртүү кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Оң рулдуу унааларга карата Мыйзамга өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду. 

Мыйзамдын максаты башкаруу рулу оң жагында жайгашкан транспорттук каражаттардын коммерциялык максаттарда жүргүнчүлөрдү, жанжүктөрдү жана башка жүктөрдү ташуусуна тыюу салууну кийинкиге калтыруу. 

Кол коюлган мыйзамдын негизинде оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салуу 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-январына жылдырылды.