Жаңылыктар
«Спецназдар» эмнеге ок чыгарышты?
Спорт
«Спецназдар» эмнеге ок чыгарышты?

Бишкек шаарындагы ИИМге караштуу «Динамо» спорт комплексинде КМШ өлкөлөрүнөн келген «спецназдар» арасында курал атуу боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү.

Аталган мелдеш кызматтык милдетин аткарууда көз жумган офицерлердин элесине арналып, генерал Артур Медетбеков башында турган «Альфа-антитеррор» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлдү. Ага «Альфа» атайын даярдыктагы тобунун ардагерлери Орусия, Казакстан, Беларуссиядан келишсе, Кыргызстандан Улуттук коопсуздук кызматынын 9-башкармалыгынын, Ички иштер министрлигинин жана «Альфанын» «спецназдары» катышып, ар кандай аралыкка атууда кимиси мыкты экендиктерин билүү үчүн күч сынашты. 

Жыйынтыгында, командалык эсепте 1-орунду Беларуссия, 2-орунду Кыргызстандын ИИМи, 3-орун «Альфанын» ардагерлерине ыйгарылды. Мелдештин жүрүшүндө, эң мыкты аткыч болуп, Кыргызстандык  Жоомарт Бошкоев табылды.