Жаңылыктар
Улуттук китепкана 85 жылдыгын белгилеп жатат
Маданият
Улуттук китепкана 85 жылдыгын белгилеп жатат

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага 85 жыл толду. Ага арналган салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага Президенттин Аппаратынан, Жогорку Кеңештин депутаттары жана 11 мамлекеттин ири улуттук китепканаларынын башчылары катышты. 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси Султан Раев окуп, китепкананын алдыңкы кызматкерлерине өлкө башчынын энчилүү саатын ыйгарды. Борбор Азиядагы эң чоң китепканалардын бири саналган мамлекеттик маданий, илимий билим берүүчү мекеме 1934-жылы түзүлгөн. 

Улуттук китепкананын фондунда дүйнөнүн 90 тилинде ата мекендик жана чет өлкөлүк документтердин топтому бар. Электрондук китепканаларынан сырткары, 19 миллиондон ашык кагаз китептер бар. Китепкана күн сайын 400-600 окурманды тейлейт.