Жаңылыктар
Балыкчы шаарынын көйгөйлөрү өлкө башчысына маалым болду
Экономика
Балыкчы шаарынын көйгөйлөрү өлкө башчысына маалым болду

Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Балыкчы шаарында эл менен жолугушту. Өлкө башчысы аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан улуттук долбоорлор жана реформалар тууралуу айтып берип, өз кезегинде жергиликтүү тургундар калаанын өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан бир катар көйгөйлөрдү өлкө башчысына жеткиришти.

Балыкчы шаарынын калкы менен жолугушуу президенттин планында мурдатан эле бар болчу. Жолугушуу бир аз кечиккенине карабай, шаар тургундарында көп көйгөйлөрүн өлкө башчысына жеткирип алууга мүмкүнчүлүк болду. Алгач Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер учурунда берилген убадалар, андан кийин аймактарды өнүктүрүүнүн алкагындагы улуттук долбоорлор тууралуу айтып берди. Артыкчылыктуу багыттардын бири – жергиликтүү ишкерлерди колдоо, каржы институттарынын каражатын элет жерине буруу болду.