Жаңылыктар
Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу багытында дарыгерлердин жыйыны өттү
Ден соолук
Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу багытында дарыгерлердин жыйыны өттү

Белгилүү академик Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгына карата дүйнөгө атагы чыккан окумуштууларды Бишкекке чогулткан эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Жүрөк дартын дарылоо түрлөрү боюнча бир нече секциялык отурум болуп, анда 11 өлкөдөн келген илимпоз, дарыгерлер баяндама жасап, өз өлкөсүндө жетишкендиктери жөнүндө маалыматтар менен бөлүштү. Чогулган дарыгерлердин максаты - биргелешип жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу. Эл аралык конференциянын катышуучуларына Президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жолдогон.

Конференцияда жүрөк ооруларын изилдеген окумуштуулар жана жүрөк-кан тамыр дартына көп ирет операция жасаган дарыгерлер операция жасоодогу өсүштөр тууралуу айтышты. Мындай жолугушуу ар бир катышуучуга тажрыйба алмашуу, жаңы билимдерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Мааракелик чогулушка Кыргызстан, Израил, Франция, Германия, Монако, Түштүк Корея, Кытай, Россия, Украина жана Казакстан өлкөлөрүнөн жүздөгөн кардиолог, анестезиолог, терапевт жана жүрөк-кан тамыр хирургдары келген. Жаштар дүйнөгө белгилүү кардиохирург, окумуштуу, Россиянын медицина илимдер академиясынын мүчөсү Лео Бокерея менен эстеликке сүрөткө түшүүгө ашыкты. Атактуу орус дарыгери 110 жылдык мааракеге катышканы келген, ал Иса Ахунбаевдин замандашы.

Чет элдик дарыгердин келиши жемиштүү болду. Бир нече күн аралыгында кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Мааракенин алкагында көп өлкө дарыгерлери биргелешип 10дон ашык операция жасады. Эми Ысык-Көл жээгинде веложүрүш өтүп, катышуучулар Тору-Айгыр айылындагы Иса Ахунбаевдин эстелигине гүл коюп, эскерүү кечесин өткөрөт.