Жаңылыктар
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эркин өлкө деп табылды
Саясат
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эркин өлкө деп табылды

Бул тууралуу Фридом Хаус эл аралык уюмунун  докладында айтылат. Кыргызстан  бул иликтөөдө  коңшу  мамлекеттерден тышкары Орусия менен Белоруссиядан алдыга чыкты. Деген менен эл аралык уюмдардын чыгарган тыянактарына өтө аяр мамиле  жасоо зарылдыгын айткандар да бар.

Американын Фридом Хаус уюму 195 өлкөдөгү эркиндиктин абалын иликтөөгө алган. Ал  үч  баскычта  иликтенген: эркин, жарым жартылай эркин жана  эркин эмес өлкө. Кыргызстан Борбор Азия  аймагында эң эркин мамлекет деп табылды. Иликтөөгө ылайык ,  2015-жылдын  жыйынтыгында  Кыргызстан 5 баллга ээ болгон, ал  эми  коңшу өлкөлөрдөн Түркмөнстан   менен Өзбекстан  6  баллга ээ болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында  авторитардык өлко болуп саналат.  Казахстан   менен Тажикистан   булардан бир аз жогорку көрсөткүчкө чыкканы менен алар да  авторитардык өлкөлөрдүн катарына  кошулду. Ушул эле тизмени  6,86 балл алган 6,64 балл менне Белоруссия   жана 6,5 баллга  ээ болгон Россия  толуктады. Постсоветтик өлкөлөрдөн эң эркин жана демократиялык  болуп  Прибалтика  мамлекеттери - Эстония, Латвия  жана  Литва эсептелди. Кыргызстан   демократиялык баалуулуктарду туу туткан, мыйзамдуулукту сактаган эркин өлкө  дейт “Коомдук иликтөө институтунун” жетекчиси  Рита Карасартова.

Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттерге салыштырмалуу алганда  шайлоолор, айрыкча жарандык коомдун өнүгүшү, массалык маалымат каражаттары эркиндиги жагынан жогору болуп, демократиянын элементтери сакталган мамлекет.Фридом Хаус уюму басма сөз каражаттарынын  көз карандысыздыгы үчүн көп салым кошо алды. Ошол эле учурда 2014-жылдардагы изилдөөлөрүндө  Кыргызстандагы  маалымт эркиндиги  боюнча   төмөн баа берип, ошол кездеги премьер-министр Жомарт Оторбаевдин сынына кабылган.  Азыр да  бул эл аралык уюмдун  чыгарган тыянактарына  астейдил мамиле талап кылынарын социология илимдеринин кандидаты Топчугул Шайдуллаева  эске салат.

“Фридом Хаус басма үйу ачылып, ал оппозициялык коз караштагы  каражаттарга көмөгүн көрсөткөн болучу. Сөз эркиндигин коргоо жаатында праткикалык кадамдарды басма үйү  баштаган.  Дагы  бир кооптуу нерсе бул басма үйдүн пайда болуусу басма сөз эркиндигин камсыз кылган.  Биз мындай уюмдардын чыгарган тыянагына сын  көз менен карап анализ менен баа беришибиз керек”. 

Демократиялык жолго кадам койгон өлкөнүн толук эркиндиги болушу үчүн экономикалык да эркиндик, коргонуу жагы да бекем болуусу шарт.  Аталган уюм Кыргызстанда көп  убакыттан бери  ар кандай багыттагы иликтөөлөрдү терең анализдин негизинде жүргүзүп келет. Дагы  бир укук коргоо уюму "Хьюман Райтс Вотчтун иликтөөлөрүндө" да Кыргызстандын эркин өлкөлөрдүн  катарына кирери белгиленген. Кандай  болгон  күндө  да  эркиндикти  баалап, барктап ага аяр мамиле жасоо керек дешет талдоочулар.

Г. Усенова, “Биринчи радио”