Жаңылыктар
БАЭ Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалына кызыгуусу күч
Экономика
БАЭ Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалына кызыгуусу күч

Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстандын гидроэнергетикалык  потенциалына кызыгуусу күч. Бул тууралуу Бишкекте өткөн “Кыргызстан менен БАЭнин биргелешкен экономикалык форумунда Улуттук  энергетика  холдингинин  жетекчиси Айбек Калиев билдирди. Араб инвесторлоруна Жогорку  Нарын  каскадындагы ГЭСтер, Камбар-Ата 1 ГЭСин жана кичи ГЭСтердин  курулушу боюнча  долбоорлор  сунушталды. Ал эми эксперттер электр энергиясына болгон баа төмөн болгондуктан чет элдик инвесторлорду тартуу кыйын болуп жатканын айтууда.

 Гидроэнергетика - өлкөнүн эң эле артыкчылыктуу тармактарынын бири. Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен Орусия жана Тажикстандан кийин эле суу ресурсуна бай өлкө катары саналат. Өлкөнүн гидропотенциалы 142 млрдкВт саат электроэнергияга бааланса, азыркы күндө анын 10 пайызы гана колдонулуп жатат. Андыктан бул потенциалды ырааттуу пайдалануу максатында энерго тармакка инвесторлорду чакырып жатабыз деп билдирди Улуттук  энергетика  холдингинин  жетекчиси  Айбек  Калиев.

Экономикалык форумда, Бириккен Араб Эмирлигинин энергетика министри баштаган Араб инвесторлоруна Жогорку  Нарын  каскадындагы ГЭСтер, Камбар-Ата 1 ГЭСин жана кичи ГЭСтердин  курулушу   боюнча  долбоорлор  сунушталды. 

Учурда өлкө аймагында 17 электростанциялары иштеп жатат. Ага кошумча Нарын дарыясынын жогору жагына кубаттуулугу 4 миң мегаваттуу 31 ГЭС курууга болот. Азыркы кезде Нарын дарыясына 14 ГЭС, ал эми Ат­Башы, Ала­Бука, Көкөмерен сууларына 10 орто жана кичи ГЭСтерди куруу каралган деп кошумчалады Айбек  Калиев.  

Ал эми энергетик Калый Рахимовдун пикиринде, ГЭСтерди курууга инвесторлорду тартуу кыйынчылык жаратып жатат.

Анткени электр жарыгына баа арзан болгондуктан, инвесторлор эсептеп көрүп пайда албасына көзү жеткен соң келишимдерден баш тартып жатат. Өкмөт баа саясатында орток пикирди табышы керек дейт, - энергетик.

 

 Мурунку энергетика жана өнөр жай министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин белгилөөсүндө мамлекет чет элдик инвесторлорго өндүрүлгөн электр жарыгын экспорттоого шарт түзүп берүүсү керек. Ошондо гана инвесторлордун бул тармакка кызыгуусу артат. Чет элдик инвесторлор кызыгып жаткан орто жана кичи ГЭСтер боюнча эгер мамлекет туура иш жүргүзсө гана пайда табат дейт, эл өкүлү.

Ошондой эле ай башында, Кытайдын ири мамлекеттик компаниясы Кыргыз өкмөтү менен болгон жолугушууда Казарман каскадына орто жана кичи ГЭСтерди курууга кызыкдар экендигин билдирип, электростанциялар жылына 4661 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрөрү маалымдалган. Ал эми өкмөт Ала-Бука, Тогуз-Торо жана эки Кара-Булуң ГЭСтерин куруу боюнча долбоордун эки тараптуу документтери даярдалып жатканын билдирген.

С. Идирисов, “Биринчи радио”