Жаңылыктар
Ноокат районунда сел жүрдү
Кырсык
Ноокат районунда сел жүрдү

Ош облусунун Ноокат районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Жаратылыш кырсыгы болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тастыктады. 

Ага ылайык, 18-майдан 19-майга караган түнү Ноокат районундагы Зулпуев, Жатан айылдарында сел жүргөн. Кокту-колоттон аккан суу тургундардын короолору менен турак жайларын каптаган. Учурда жеринде ӨКМдин ыкчам тобу иштеп жатат, азырынча жабыркагандар менен жапа чеккендердин саны айтыла элек.