Жаңылыктар
Баткенде жааган мөндүрдөн бактагы мөмөлөр күбүлүп калды
Аймак
Баткенде жааган мөндүрдөн бактагы мөмөлөр күбүлүп калды

Кадамжайда 18-майдын кечинде катуу жаан менен кошо мөндүр жаап, Халмион жана Алга айыл аймактарында эгин талаалары, бак-дарактар жабыркады. Уналаар каттамы бир аз убакытка токтогон. Мөндүрдүн чоңдугу жаңгактай болгонун, чатырлар жана бактагы мөмөлөр күбүлгөнүн аймак жашоочулары телефонго тартып, социалдык тармактарга чыгарышкан. 

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков 19-майда эки айылды кыдырып чыкканын билдирди. Анын айтымында, олуттуу зыян тарткандар жок. Исаков белгилегендей, Халмион айыл аймагындагы багбандар көбүрөөк жабыркап, өрүк, жүзүм жана алча мөмөлөрү күбүлүп калган. Суу арыктан жана дамбалардан ашып, эгин талааларына жайылган. Курулуштар, социалдык тейлөө мекемелери жана адамдар жабыр тарткан жок.