Жаңылыктар
Бишкекте "Жүрөктөн жүрөккө" жарманкеси өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте "Жүрөктөн жүрөккө" жарманкеси өтөт

Бүгүн Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдында "Жүрөктөн жүрөккө" жарманкеси өтөт. Иш-чара коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн улгайган адамдарга жардамдашууга буруу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет. Анда карылар өздөрү жасаган буюм-тайымдарды сатуу менен кошумча киреше таба алат.

Жарманке алкагында шахмат боюнча турнир, китеп жарманкеси, түрдүү мастер-класстар өткөрүлөт. Элге кант диабети оорусу тууралуу дагы маалымат берилип, катышуучулардын салмагы жана кан басымы текшерилет.