Жаңылыктар
УКМК кызматкери 50 миң сом пара менен кармалды
Кылмыш
УКМК кызматкери 50 миң сом пара менен кармалды

50 миң сом пара алып жаткан жеринен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери кармалды. Мекеменин маалымат кызматы "Ала-Тоо24" каналына тастыктагандай, коопсуздук кызматынын кызматкерин пара менен УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Аскер прокуратурасы менен биргеликте 17-майда колго түшүргөн. 

Кармалган кызматкер буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом талап кылган. Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.