Жаңылыктар
Дастан Жумабеков Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы менен жолукту
Саясат
Дастан Жумабеков Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы менен жолукту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. “Алгач Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков ЖККУ ПА кеңешинин кезектеги жыйынынын Бишкекте өтүп жатканы ары жагымдуу, ары сыймыктуу миссия экенин белгиледи. 

Ошону менен катар эки өлкөнүн бийик даражадагы стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жогору баалана тургандыгын кошумчалады”, - деп айтылат Жогорку Кеңештин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.