Жаңылыктар
Насирдин Байтемировго 100 жыл
Маданият
Насирдин Байтемировго 100 жыл

Жазуучу, акын, драматург Насирдин Байтемировдун туулганына быйыл 100 жыл болду. Жазуучу, акын жана драматург Насирдин Байтемиров "Кыргыз эл жазуучусу", "Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамдарына татыган. 

Ошондой эле Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Насирдин Байтемиров учурунда фантастикалык чыгарма жаратуунун үстүндө да иштеген. Казак жазуучусу Муктар Ауэзов менен “Ысык-Көл 100 жылдан кийин” деген фантастикалык чыгарманы чогуу баштап, аягына чыкпай калган. 

Башталып бирок, бүтпөй калган чыгармада, ошол кезде эле кадимки уюлдук телефон тууралуу дагы жазылып калган. Анын чыгармачылыгы, учурунда кыргыз кино ишмердигинде дагы ийгилик жараткан.