Жаңылыктар
Таджикстанда абактагы козголоңдон 31 адам каза болду
Дүйнө
Таджикстанда абактагы козголоңдон  31 адам каза болду

Душанбе  шаарынан 15 чакырым  аралыкта  жайгашкан  Вахдат шаарында күчөтулгөн режимдеги  абакта  козголоң чыгып, 3 кайтаруучу  жана  29  айыпкер  өлтүрүлдү.   Бул тууралуу  РИА Новости  жазды.  

Окуя  19-майда  кечки саат  20.30  болгон. Түрмөдө отургандардын ичинен бычак менен куралданган 30 чукул адам үч кайтаруучуну барымтага алып, андан соң өлтүрүп салышкан. 

“Булар "Ислам мамлекетинин" мүчөлөрү болгон. Алар бошоткула деген талапты койгон", — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кылмышкерлердин өздөрү жаңдалдаша кетип, ал куралчан урушка айланган. Абак кызматкерлеринин тынчытуу аракетинен майнап чыккан эмес. Кылмышкерлер бычак жана башка буюмдарды колдонуп, түрмө кайтаруучуларына кол салып, бир нечесин жарадар кылышкан. Аталган абакта 1500 кылмышкер камалып тургандыгы айтылган.