Жаңылыктар
Ат-Башыда аскер кызматкери пара менен кармалды
Коррупция
Ат-Башыда аскер кызматкери пара менен кармалды

Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы 30 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка карагандай, окуя 17-майда болгон. 

"Такталган маалымат боюнча кармалган жаран Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүмүнө жумушка орноштуруу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Аны кармоо учурунда автоунаасынан 30 миң сом табылган", — деп айтылат маалыматта.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси - "Опузалап пара талап кылуу" боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.