Мамлекеттин өнүгүүсү, анда жашап жаткан ар бир жарандын аракеттенүүсүнөн көз каранды. Өзгөндүн Кара-Дыйкан айылынын 1982-жылы туулган жаштары, элет жерине окуу борборун куруп, билим алган мектебин оңдоо иштерине жардам беришти.
Орто мектепти мындан 20 жыл мурда аяктагандар шаан-шөөкөт менен белгиленүүчү майрамдын ордуна айылдаштары үчүн окуу борборун курууну эп көрүшкөн. Бул үчүн 60 классташтын башын бириктирген “Айыл биримдиги” аталышында топ куралган.
Жаштар минтип, туулган айылынын өнүгүүсү үчүн жан үрөп жаткан чакта, элеттиктер четте карап турган жок. Бири бышкан кышын алып берсе, дагы бири курулуш каражаттарын даярдоого жардам берди. Жергиликтүү эл усталардын тамак-ашына жоопкерчиликти алган.
Бүтүрүүчүлөр билим алган мектеп уясын да эстен чыгарган жок. Мектептин короосуна таш таман төшөп беришти. Муну менен окуучулардын жаан-чачындуу күндөрү линейкада баткак кечип турган мезгили өттү. Аймактарды өнүктүрүү жылында санариптештирүү да көнүл сыртында калган жок. 200 метрге интернет желеси тартылып берилди. Оюн-күлкүдөн социалдык өнүгүүгө ыктаган айыл жаштарынын мындай аракети тарбиялап чыгарган мугалимдеринин урмат-сыйына татыды.
Ыксыз чыгымдан баш тартып, айыл керегине жараган жаштардын саны жыл сайын артып баратканы кубандырат. Өткөн жылы ушул эле райондун Кашка-Терек айылындагы Капар Кулматов атындагы орто мектептин 1998-жылкы бүтүрүүчүлөрү, айылындагы жалгыз бой энеге жаңы турак жай салып беришкен.