Жаңылыктар
Вячеслав Володин: "Россия менен Кыргызстан ЖККУга кирген стратегиялык өнөктөштөр"
Саясат
Вячеслав Володин: "Россия менен Кыргызстан ЖККУга кирген стратегиялык өнөктөштөр"

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Мамлекет башчы - парламенттер аралык кызматташтыктын жогорку деңгээлин баса белгилеп, 2017-жылы Вячеслав Володиндин түздөн-түз колдоосу менен Кыргызстандын жана Россиянын жарандарына айдоочулардын улуттук күбөлүгү боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алынганын эске салды. Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча Россия менен активдүү кызматташууга даяр экенин баса белгиледи. 

"Россия Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 6 млрд доллардан ашкан келишимдерге кол коюлган. Жетишилген келишимдерди толук көлөмдө ишке ашыруунун мааниси чоң. Ошондой эле 2020-жылды биз - "Кыргызстан менен Россиянын кайчылашкан жылы" - деп жарыяладык», - деди Президент. 

Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин Президент Сооронбай Жээнбековго Россия Президенти Владимир Путиндин саламын жана жакшы каалолорун айтты жана Россия менен Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна кирген стратегиялык өнөктөштөр экенин, бул эки өлкө ортосундагы ишенимдин жогорку деңгээлде экенин далилдеп турганын белгиледи. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинге жакшы каалоо-тилектерин айтып, Россия Федерациясынан келген делегациянын бардык мүчөлөрүнө ийгиликтерди, жемиштүү иш жана көңүлдүү маанай каалады.