Жаңылыктар
Жол кырсыктан Генштабдын эки полковниги каза болду
Кырсык
Жол кырсыктан Генштабдын эки полковниги каза болду

  Бишкек-Ош  автожолунда жол кырсыгы катталып, 2 полковник каза болду,  дагы  2 офицер ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

 Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош  жолунун 97-чакырымында, 20-майда таңкы саат 06:30 чамасын катталган. "Мазда Демио” үлгүсүндөгү  автомашина  токтоп турган жүк ташуучу транспорттун  артынан сүзгөн.  Анын  ичинде  Бишкекке келе жаткан аскер кызматкерлери болгон. 

Алдын ала маалыматтар боюнча жеңил  автомашинанын айдоочусу уктап кеткен. Каза болгон жана оор абалда ооруканага жеткирилгендер   Генералдык  штабдын кызматкерлери экендиги айтылат. Учурда  жол кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, текшерүу иштери жүрүүдө.