Жаңылыктар
Спорттун суудагы поло түрү боюнча балдар арасында мелдеш өттү
Спорт
Спорттун суудагы поло түрү боюнча балдар арасында мелдеш өттү

Сууда сүзүүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген пайдасы зор. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер колдон келсе күн сайын сууга чумкуп турганы зарыл. Булчуңдар чыңалып жакшы иштеп, бел түздөлүп, салмак азаят. Сууда сүзүүнүн пайдасын эске алып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар спорттун суудагы поло түрү боюнча күч сынашты. Мелдешке 8 жаштан 12 жашка чейинки 30 бала катышты. Спорттун сууда ойнолуучу поло түрү биздин өлкөдө 90-жылдары унутулуп калган болчу. Акыркы жылдары аны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

"1991-жылы сууда ойнолуучу спорттун поло түрү кыргызстанда такыр ойнолбой калды. Андан бери мелдештер өткөн жок. Өткөн жылы бассейндин жетекчилиги менен келишим түзүп, поло боюнча ийримдер өтүп жатат. Жыл башынан бери балдар машыгып, бул мелдешти уюштурдук. Эмики жылы толук кандуу турнир өткөргөнү жатабыз",- деп билдирди поло оюнунун сууда ойнолуучу түрү боюнча машыктыруучу, спорт чебери Леонид Шебаршов.